• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

21 жылдын ичинде Кыргызстан Кумтөрдүн алтынын иштетүүдөн 8 миллиард доллар акча тапты

Экономика 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргызстан 21 жылдын ичинде Кумтөрдүн алтынын иштетүүдөн 8 миллиард доллар акча тапты. Бул тууралуу Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгына караганда, 1996-жылдан 2017-жылга чейин Кумтөрдө 457 тонна алтын казылып алынган. Андан 360 тонна алтын иштетилип алынган.

"1996-жылдан бери алтын иштетүүдөн түшкөн киреше 8,1 миллиард долларды түздү. Бул суммадан Кыргызстанга салык жана которуу түрүндө 1 миллиард 215 миллион доллар, калган сатып алуулар түрүндө 3 миллиард 100 миллион доллар түшкөн. Тагыраак айтканда, Кыргызстанда жалпы кирешеден 40 пайыз акча калган", - деди Камчыбеков.

Пикир

Оставить комментарий