• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2100-жылга чейин дүйнөдө орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 03.04.19. /Нуржигит Бейшебаев/. Дүйнөдө 2100-жылга чейин орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда. Бул тууралуу Борбор Азиянын аймактык экологиялык борборунун аткаруучу директору Аскандар Абдуллаев билдирди. Ташкент шаарында Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференциясы өтүп жатат.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү социалдык-экономикалык абалына таасирин тийгизет.

"Климаттын өзгөрүшү аймактык социалдык-экономикалык, экологиялык абалын алсыз кылат. Биздин аймак, климаттын өзгөрүшү боюнча жапа чегүү тобокелчилиги жогору турат. Индустрия дооруна чейинки мезгилге караганда 2100-жылга чейин орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда. Бул өтө чоң өзгөрүү", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-апрель күнү Ташкент шаарында Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференция башталган. Аталган иш-чарага 3-4-апрель күндөрү болот.

Конференциянын жыйынтыгы менен жыйынтыктоочу документ даярдалып, ал иш-аракетке өтүүгө чакырык жасаган документ болот. Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында жана климаттык саясат боюнча көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү сунуштары камтылат.

Аталган конференцияга климаттын өзгөрүшү тармагында иштеген 300дөн ашык өкмөттүк мекемелердин, илимий коомчулук, жаштар, эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий