• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-24-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-декабрда күндүз жана 23-24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Бишкекте бүгүн -3...-5, 5...7.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий