• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

22-24-майда Юстиция министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык системалары өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. 22-майдан 24-майга чейин Юстиция министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык системалары өчүрүлөт. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Сервердик жабдуулардын жаңы сервердик бөлмөгө которуу үчүн техникалык жумуштардын өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, министрликтин маалыматтык-коммуникациялык системалары, анын ичинде: "Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкы", "Юридикалык жактарды онлайн каттоо", "Электрондук нотариат", "Юридикалык жактардын электрондук базасы", "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри талаптарын", "Электрондук документ жүргүзүү системасы" ушул жылдын 22 - 24-майына чейин өчүрүлөт.

2020-жылдын 25 -майында аталган системалардын иши кайра улантылат.

“Ошону менен бирге, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын мини-АТС өчүрүлгөнүнө байланыштуу, телефон байланышы жеткиликтүү болбойт деп билдиребиз. Министрлик келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий