• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-26-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. 22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

22-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январда жана 23-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

23-январда күндүз жана 24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. 25-январда күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-январда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий