• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-26-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. 22-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй,Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

23-26-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий