• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

22-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 18-22-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-апрелде күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

18-22-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багытты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-апрелде түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

18-апрелде түнкүсүн чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-апрелде күндүз, 19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-апрелде күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

18-апрелде түнкүсүн бир аз жаан жаашы күтүлөт. 18-апрелде күндүз жана 19-22-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий