• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

22-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Эртең, 22-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Эртең, 22-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 15...17 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий