• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

22-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Эртең, 22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8 күндүз -3…+2 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -3…+2 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 0…5 градуска жетет.

Эртең, 22-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 0…2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий