• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-июлга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 18-22-июль күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

21-22 июль күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

23-24-июль күндөрү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Бишкек жана Ош шаарларында - 18-20-июль аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Чолпон-Ата шаарында эртең, 18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

19-20-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий