• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

22-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 18-июлдан 22-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

18-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда, эртең менен жана күндүз кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

18-21-июлдарда жана 22-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

18-июлда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда күндүз жана 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-июлда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

18-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 18-июлда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 20-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда күндүз жана 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-июлда күндүз жана 22-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-июлда күндүз жана 19-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда күндүз жана 22-июлда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 20-22-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

18-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда жана 20-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 20-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда, 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда күндүз жана 22-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий