• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.07.18. /Кабар/. 21-23-июль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык аба-ырайы сакталып турат.

Эртең, 22-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…39,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40,

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37,

Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32,

Эртең Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…20, күндүз 36…38 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий