• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

22 кг марихуана менен Ысык-Көлдүн тургуну кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Аксуу районунун тургунунан милиция кызматкерлери 22 кг баңгизатын табышкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, баңгизаты кечээ, 27-августта табылган. Иликтөө ишинин натыйжасында, 46 жаштагы М.А аттуу жарандан 2 баштыкчанын ичинде жашыл түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында маалым болгондой, табылган зат жалпы көлөмү 22 кг марихуана экендиги айтылды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий