• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

22-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Эртең, 22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,

Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусундатүнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 10…12, күндүз 24…26 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий