• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

22-март. Республикалык штабдын саат 21:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20./Кабар/. 2020-жылдын 22-марты саат 21:00гө карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 14 кишини түзөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • КР Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, өлкө аймагына бүгүн, 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
  • Республикада коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял). Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2628 адам.
  • Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Алар 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
  • ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.
  • Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
  • "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт..
  • Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн жактарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана 2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат. 6000 беткап даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүндү.
  • Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү үчүн бүгүнкү күндө бар каражаттар: Бир жолу колдонулуучу беткаптар – 400 миң даанадан ашык; Коргоочу костюмдар – 3900 даана; №95 же FPP2 коргоо даражасындагы респираторлордун беткаптары – 50 миң даана;
  • Өлкө аймагында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн КР Өкмөтү тарабынан кошумча 30 млн сом бөлүнүп, анын ичинен: 1000 даана N95 респираторлор (мурун каптар); 2200 даана коргоочу кийимдер; 1000 жаан медициналык халаттар; ар бири 100 даана болгон 1200 даана колкаптар; 20 миң даана медициналык маскалар сатып алынды.
  • Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча эсепке 5 млн 294 миӊ 358 сом түштү.
  • Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун 6500ден ашык тартип сакчы камсыз кылууда, ИИМдин жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
  • Санитардык-карантиндик посттордон бир да жаранды өткөрбөй жатышат жана Кыргызстан боюнча интернет өчүрүлөт деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кимде-ким жалган маалыматтарды атайылап таратса, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
  • Беткап жана антисептиктерге суроо-талап көп болуп жаткандыктан Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерге 100 миң даана беткап чыгаруу буйрутмасы берилди.
  • Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
  • Ирандан чыккан кыргыз жүк ташуучуларынын 60 айдоочусу менен туруктуу негизде байланыш түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий