• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. 22-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жала-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +14...+19;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +9...+14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15;

Бишкек шаарында 22-мартта түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, ал эми 22-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +17...+19 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий