• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

22-марттан тарта Кыргызстанга келгендер үч күндүк обсервацияга жөнөтүлөт – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. 22-марттан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына келген жарандарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышын болтурбоо үчүн КР Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды. Мындай чара өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө, ошондой эле чет жактардан келгендер ооруну жуктуруп алуунун жогорку тобокелчилик шарттарында узакка чейин жайгаштырылган жагдайга жана республикада, анын сыртында дагы коронавирутун жайылышынын учурдагы темптерине байланыштуу көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, коронавирусуна текшерүү таза жыйынтыктарын көрсөтсө, келген жарандар үй шарттарындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин Кыргызстанга келген жарандар коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү.

Пикир

Оставить комментарий