• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

22-ноябрга чейин өлкөдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-ноябрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

20-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 21-22-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат, көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий