• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Эртең, 22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондоруна да кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Эртең, 22-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий