• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

227 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин 1 Жарлыгы 227 кишиге (179 – чоңдор жана 48 бала), көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 180 кишиге (150 – чоңдор жана 30 бала). Жалпы келтирилген өтүнүч – 407 кишиге (329 – чоңдор жана 78 бала).

Пикир

Оставить комментарий