• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

22нен 26-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22нен 26-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 22-октябрдажана 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

23-октябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

25-26-октябрь күндөрү тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий