• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

22нен 28-сентябрга чейин өлкө аймагында кандай аба ырайы болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 22нен 28-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат берди. Ага ылайык, эртең, 22-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектериңде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-24-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

25-26-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы чекундасына 4-9 метрге чейин жетет.

27-28-сентябрь күндөрү кээ бир тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий