• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

23-27-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.01.18. /Кабар/. Эртең, 23-январда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

26-27-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

28-29-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаары

23-25-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаары

23-25-январда жаан-чачын күтүлбөйт.Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий