• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

23-27-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. 23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

23-январда күндүз жана24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

27-январда түнкүсүн кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө,күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий