• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

23-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу жок болот – тизме

Коом 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Бишкектин кээ бир райондорунда 23-апрель күнү саат 09:00дон 18:00го чейин ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өчүрүү “Батыш-2” суу алуу жайындагы оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу.

М.Фрунзе, Манас, Фучик көчөлөрү жана темир жол линиялары менен чектелген аймактарда суу болбойт.

Анын ичинде №31, 13, 8, 2 орто мектептери, №9 окуу жайы, № 8, 22, 72, 164, 165, 167, 73, 3 бала бакчалары, “Балдарды коргоо борбору”, “Арпа” ААК, “Ош базар”, “Берекет-Гранд”, “Берекет”, “Берекет Универсал” соода борборлору, “Берекет” ЖАК, КРнын илимдер Академиясы, КРнын Улуттук банкы, №2 клиникалык төрөт үйү, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1 шаардык клиникалык ооруканасы, “Бишкекборкомбинат”, ВЧ-4 УГПС, Ленин райондук акимчилиги, УПП-2 ОСиГ, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, “Кыял” бирикмеси, Кыргызстандын Эл аралык университети, Батыш РЭС, Республикалык радиоцентр, Ельцин атындагы кыргыз-славян университетинин медициналык факультети, Ленин райондук соту, №100 лицейи, Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссия жана кыргыз энциклопедиясы, “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы, №2 стоматологиясы.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, суу камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий