• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

23-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Эртең, 23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Тоолуу автожолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18, Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17 градус болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19, Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21 градус болот.

Эртең Бишкекте ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 15...17 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий