• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

23-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.02.20. /Кабар/. Эртең, 23-февралда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градус суук болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында 23-февралда мезгил-мезгили кар, жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 күндүз 9…11 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий