• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

23-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. 23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 23-январда күндүз жана 24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градус, Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градуска жетет.

Эртең, 23-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 1...3 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий