• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

23-июндан тарта Өзбекстан менен Россиянын ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Өзбекстандан Россияга жүргүнчү темир жол каттамы 23-июнда башталат. Бул тууралуу "Россия темир жолдору" билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-июндан баштап “Ташкент-Самара” поезди Ташкенттен бейшембиде, Самарадан жекшембиде сапарга чыгат. Ал эми 25-июндан тарта “Ташкент-Волгоград” поезди Ташкенттен ишембиде, Волгограддан шейшембиде жолго чыгат.

Россия менен Өзбекстан жарандары үчүн буга чейин киргизилген санитардык чектөөлөр – коронавируска карата ПЧР-тест алып салынган.

Белгилей кетсек, буга чейин поезддер 14-июндан тартып жүрө турганы кабарланган, бирок “Өзбекстан темир жолдору” муну четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий