• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

23-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-июндан 23-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

21-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-июнда жана 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июнда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 23-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-21-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-23-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 23-июнда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-июнда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

21-июнда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-июнда жана 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 23-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-июнда күндүз жана 21-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-июнда күндүз, 22-июнда жана 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-20-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

19-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июнда күндүз жана 21-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-июнда күндүз жана 22-23-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

21-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-июнда жана 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 23-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий