• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

23-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Эртең, 23-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорундо, Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Талас жергесоблусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүзү 33…35 градус болот

Пикир

Оставить комментарий