• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

23-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан- чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1...+4 градус, Таласта 0…5, Ысык-Көл облусунда 4…9, Нарын облусунда 3…8 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 4…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкекте күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 1…3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий