• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

23-ноябрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөрү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 19-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 20-ноябрда эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-22-ноябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 24-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 24-ноябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

19-23-ноябрда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы;

19-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 19-ноябрда күндүз жана 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-ноябрда күндүз жана 21-22-ноябрларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

19-23-ноябрь күндөрү Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы;

19-ноябрда түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт. 19-ноябрда күндүз жана 20-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-ноябрда жаан, кар жаашы күтүлөт. 22-23 ноябрларда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий