• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

23-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 23-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +11...+16, Талас облусунда +12...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+16, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын облусунда +2...+7 градус жылуу болот.

Бишкекте абанын температурасы +14...+16 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий