• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

24-апрелде "Стамбул-Бишкек" каттамы уюштурулат. Келе турган жарандарга эскертүү

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. 24-апрелге "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча чартердик каттам уюштуруу пландалууда. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 24-апрелге белгиленген каттам боюнча маалымат берди.

Элчиликтен белгилешкендей, "Стамбул-Бишкек" багытындагы ТК4916 чартердик аба каттамы боюнча учак Ататүрк атындагы эл аралык аэропортунан саат 04:50дө учуп кетет.

"Билеттердин сатылышы түздөн-түз аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы – 30 килограмм. Кыргызстандын жарандарын кайтаруу элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айынан бери түзүлгөн тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Бул каттам менен биринчи кезекте дарылануу үчүн келгендерди, балалуу аялдарды, улгайган адамдарды жана хронологиялык тартипке ылайык элчилик жана Башкы консулдукка арыздарын жиберген Кыргызстандын жарандарын алып келүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен билдиришкендей, Түркиянын 31 шаарынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына жана 23-апрелден 26-апрелге чейин сыртка чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу элчилик Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жергиликтүү бийликтерден Түркиянын Анкара, Анталья, Аланья, Измир, Кастамону, Карабүк, Кайсери, Конья, Кыршехир, Невшехир жана башка шаарларынан Кыргызстандын жарандарынын Стамбулга келүүсү үчүн уруксат алуу боюнча кайрылган.

"Ошол эле учурда, тизмедеги жарандар уруксат алуу процессин тездетүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына – Каймакамлыкка Стамбулга бара турган унаанын номери жана унаанын айдоочусу тууралуу маалымат камтылган арыз менен кайрылууну сунуштайбыз (бул маалыматты элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук почтасына дагы тез арада жөнөтүү керек). Ататүрк атындагы эл аралык аэропортко чартердик аба каттамдын учушунан 4 саат мурун келүү зарыл", - деп билдирет элчилик.

Пикир

Оставить комментарий