• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

24-апрелде “Стартап Кыргызстан 2021” сынагынын финалы өтөт — Кыргызпатент

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-апрелинде “Стартап Кыргызстан 2021” республикалык сынагынын финалдык иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) билдирет.

Маалыматка ылайык иш-чара инновациялык ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүндө демилгелерди колдоо жана инновацияларды илгерилетүү максатында өткөрүлүүдө.

Финалдык иш-чарага калыстар тобунун курамына эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылган. Катышуучулардын пичинггинин жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат жана стартапты өнүктүрүү үчүн 500 000 сомго чейинки гранттарды алышат.

Өткөрүү жайы: “Асанбай” борбору, Бишкек шаары, А.Токомбаев проспектиси, 21А/4

Башталышы: 2021-жыл, 24-апрель, саат 14:00

Пикир

Оставить комментарий