• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

24-апрелге карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн өлкө аймактарында 2020-жылдын 24-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча жардамга муктаж үй- бүлөлөргө 502,91 тонна ун, 70,3 тонна макарон, 55440 литр өсүмдүк майы, 68,8 тонна күрүч, 57,5 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 4815,3 кг чай, 24855 кг бурчак (горох), 3825 кг гречка, 10468 кг китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3 418 кг картошка, 372 даана бульон берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 296 326 сомду түздү. Жалпысынан 53 540 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 75980 бет кап, 36303 кол кап, 1250 литр антисептик, 379 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 2796 даана коргоочу костюмдар (бир жолу кийилет), 7000 даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель.

Ош шаары

Шаар боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 301 тонна ун, 13500 кг макарон, 23000 л өсүмдүк майы, 6300 кг күрүч, 5500 кг кумшекер, 800 кг эт, 44100 кг картошка берилди. Жалпысынан 27 706 үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15 864,0 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,7 тонна хлор, 133 514 даана беткап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол каптар берилди.

Ош облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 2791 тонна 900 кг ун, анын ичинде КРнын мамлекетттик резервдер фондунан 1249,75 тонна ун , 27 882 кг макарон, 95956 л өсүмдүк майы, 36 т 876 кг күрүч, 11 466 кг кумшекер, 5 525 кг эт, 22 т 500 кг картошка берилди.

Жалпысынан 64 миң 676 үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен, жеке тараптардан 39 866 үй-бүлөгө материалдык резерв фондунан 24 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 т 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 2780 л антисептик, 4586 даана коргоо костюмдары, 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди. Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир ИВЛ аппараты, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир ИВЛ аппараты берилди.

Чүй облусу

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө. Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 660,701т ун, 39789 кг макарон, 48569 литр өсүмдүк майы, 24770 кг күрүч, 38428 кг кумшекер, 3656 кг эт, 20972,0 картошка жана пияз таратылды. Ошондой эле, 6 баш кой жана 10 баш уй берилди.

Мындан тышкары, финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366000,0 (үч жүз алтымыш алты миң) сомду түздү. Жалпысынан 30521 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 37142,0 кг хлор, 135850 даана маска жана распираторлор, 2823 даана коргоо костюмдары, 65624 даана кол кап, 883 даана атайын көз айнек, 6823,2 л антисептиктер, 95 даана тепловизор/термометр жана 14756 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 2562,57 тонна ун, 24917 кг макарон, 54661 л өсүмдүк майы, 17560 кг күрүч, 9406 кг кумшекер, 2402,4 кг эт, 38609 кг картошка берилди. Жалпысынан 67068 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 14360003 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 25 672 тонна хлор, 339 367 даана беткап, 6 377 л антисептик, 3 684 даана коргоо костюмдары, 48 142 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, облустагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу иш-чараларды жүргүзүүгө облусттык клиникалык ооруканасына, үй-бүлөлүк медицина борборуна, Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнө, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларындагы жана областун аймагындагы калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунун эсебинен 2 млн 301 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн.акча каражатын жана 5 тонна унду областтык клиникалык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине, шаардык ички иштер бөлүмүнө 2 млн сом акча каражаты тапшырылган.

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 1219,5 тонна ун, 19135 кг макарон, 36726 л өсүмдүк майы, 9623 кг күрүч, 8116 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди. Жалпысынан 19334 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 млн 534 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93297 даана беткап, 1847,5 л антисептик, 1778 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 557 тонна 770кг ун, 28 тонна 750 кг макарон, 19 310л өсүмдүк майы, 9тонна 347 кг күрүч, 11тонна 370 кг кумшекер, 14 тонна 725кг эт, 9 т 490 кг картошка берилди. Жалпысынан 19 миң 908 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 миң кг. хлор 118 миң 716 даана беткап, 6 миң 360 л антисептик, 4 миң 67 даана коргоо костюмдары, 177 миң 17 түгөй даана кол каптар берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 530 тонна 200 кг ун, 12 тонна 746 кг макарон, 21 475 л өсүмдүк майы, 4 тонна 112 кг күрүч, 10 тонна 966 кг кумшекер, 1 218 кг эт, 472,5 кг чай жана 215 500 сом акчалай берилди. Жалпысынан 12 450 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7тонна 161,5 кг хлор, 81 069 даана беткап, 2 куб 997,3 л антисептик, 8 957 даана кол каптар берилди.

Талас облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 272 тонна ун, 5 тонна 197 кг макарон, 4724 л өсүмдүк майы, 5 тонна 520 кг күрүч, 100 даана чай, 1542 кг кумшекер жана 998 кг эт азыктары таркатылып берилди. Жалпысынан 7109 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 340,6 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 849 кг хлор 83800 даана беткап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.

Бакай-Ата районунуну аймагындагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө “Бишкек жаштар уюму” тарабынан демөөрчүлүк көрсөтүлүп, жалпы 1350 кг (27 кап) ун, 270 кг макарон азыктары жана 124 л өсүмдүк майы 49 жаранга таркатылган. Демилгелүү жаштардын атынан өтө муктаж 30 үй-бүлөлөргө 30 кап ун, 150 литр май, 150 кг макарон берилди.

Пикир

Оставить комментарий