• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. 24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

Эртең, 24-апрелде абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17, Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16 градус болот.

Ал эми Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13…18 градус.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18 градуска чейин жетет.

Бишкекте эртең мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус, күндүзү 15…17 градус.

Пикир

Оставить комментарий