• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

24-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...+1, Талас облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...+1 градус болот.

Нарын облусунда үнкүсүн -14...-19, күндүз -4...-8 градус суук, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градуска жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн -15...-17, күндүз 0...-2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий