• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

24-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.12.18. /Кабар/. Эртең, 24-декабрда айрым райондордо кар жаайт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз 8…-13 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий