• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

24-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда, күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз +8…+13,Таласта 7…+12 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын облусунда 0…+5 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын табы +10…+15 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий