• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

24-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. 24-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн -3…-5, күндүз +1…+6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус суук болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкекте 24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 күндүз +7…+9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий