• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

24-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Эртең, 24-январда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6, Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5 градуска чейин жетет.

Ал эми Баткен, Жалал-Абад, Ошто түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3, Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз 3...5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий