• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

24-июнга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +21...+26 градус жылуу болот.

Абанын температурасы Бишкек шаарында +29...+31 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий