• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

24-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.06.18. /Кабар/. 24-июнда күндүз жана 25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 23-26-июндарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусундатүнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25.

Эртең, 24-июнда Бишкек шаарында күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 27-29 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий