• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

24-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Эртең, 24-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28, Талас облусунда +7…+12, +22…+27, Ысык-Көл облусунда +6…+11, +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9 күндүз +17…+22 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31 градуска чейин жылыйт. Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн +9…+11, градус, күндүз +23…+25 градуска жетет

Пикир

Оставить комментарий