• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

24-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Эртең, 24-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28, Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градуска жетет.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23 градус.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндуз 22…27 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11 градус, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий