• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

24-март. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 24-марты саат 20:00гө карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 42 кишини түзөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял). Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды; 14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды. Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

42 учурдун ичинен - Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

-25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилет.

-Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду өлкө ишкерлерин колдоо жана Кыргызстандын экономикасына пандемиянын таасирин азайтуу боюнча чараларды кабыл алды.

-ӨКМ өлкөнүн баардык аймактарында катуу үн чыгаруучу аппарат менен жеригиликтүү тургундарга Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал режимдеринде коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматтарды берип жатат.

-“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн.

-2020-жылдын 25-мартынан тарта саат 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакытта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Борбор каалаанын жана Өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек.

-Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот. Коомдук унаалар эртеӊ мененки саат 07:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштейт.

-Ысык-Көл облусундагы калктуу пункттардын ортосунда жарандардын бир жерден экинчи жерге өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт.

-Республика боюнча 8 млн 397 миӊ 447 м2 аймак дезинфекцияланды. Тазалоо иштерине ӨКМ тарабынан жалпысынан 338 куткаруучу, 44 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

-КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндөгү Жарлыгына ылайык коменданттар дайындалды:

-Бишкек шаары боюнча – КР Ички иштер министринин орун басары А.Орозалиев;

-Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча – КР ИИМдин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы М.Нурдинов;

-Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча – КР ИИМ кызматынын жетекчиси Ж.Жоробеков.

Коменданттарга өзгөчө абал режимин камсыздоо жана өзгөчө чараларды кабыл алуу жоопкерчилиги ыйгарылган.

-25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат, өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат.

-Интернетте пайда болгон Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан медиктерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууга талап кылышууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.

-Ош жана Жалал-Абад облустарына кечээ күнү 1200, бүгүн 1400 даана беткап жана көз айнек комплекттери жөнөтүлдү.

-"Кыргыз почтасынын" курьерлери Бишкек шаарындагы 60 жаштан жогорку курактагы жалгыз бойлорго, бейтаптарга, майыптарга инсулин жеткиришет.

Пикир

Оставить комментарий