• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

24-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек,19.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20-марттан 24-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

20-24-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

20-мартта түнкүсүн Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз жана 21-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-мартта күндүз жана 23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта эртең менен жана күндүз Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-24-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

20-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз жана 21-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

22-23-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

20-24-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

20-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз, 21-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

22-мартта күндүз жана 23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-мартта эртең менен жана күндүз Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймакарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймакарында Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-24-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

20-мартта жана 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта күндүз жана 22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-мартта кундүз, 23-мартта жана 24-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз, 21-мартта жана 24-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-24-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

20-мартта жана 21 мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта күндүз жаан жаашы күтүлөт.

22-24-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

20-24-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

20-мартта жана 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-23-марттарда жана 24-мартта түнкүсүн жаан -чачын күтүлбөйт.

24-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-мартта күндүз, 21-мартта жана 24-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий