• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

24-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20-ноябрдан 24-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

20-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

20-ноябрда күндүз, 21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз көпчүлүк жана 23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 23-ноябрда эртең менен жана күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

20-21-ноябрларда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз кар жаашы мүмкүн.

23-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

20-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

21-ноябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

20-ноябрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жааг-чачын күтүбөйт.

21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

20-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда күндүз, 21-22-ноябрларда жана 23-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

20-ноябрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жааг-чачын күтүбөйт.

21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий